Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АИЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры №04
“Доскана айылына ФАП куруу боюнча түзүлгөн долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”гү мыйзамын жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл аймагынын Доскана айылына ФАП куруу боюнча долбоорун каржылоо максатында бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Доскана айылына ФАП куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында 215 000 (эки жүз он беш мин ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Бул акча каражатын убагында каржылоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун максаттуу аткарылышын айыл кеңештин бюджет,каржы жана экономикалык масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |