Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АИЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры №05
“Жаңы-Арал айылынын көчөсүнө Кочеров Мамыттын атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арал айылынын тургундарынын 2017-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн чогулушунун №1 протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин IX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Жаңы-Арал айылынын көчөсүнө Кочеров Мамыттын аты ыйгарылсын.
2. Мамыт Кочеровтын атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |