Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АИЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры №06
“Ирригатор айылынын көчөсүнө Кедеев Нышанбайдын атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштүү Ирригатор айылынын тургундарынын 2017-жылдын 5-ноябрында өткөрүлгөн чогулушунун №1 протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин IX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Ирригатор айылынын көчөсүнө Матишов Ырысбектин үйүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери,эл агартуунун отличниги Кедеев Нышанбайдын аты ыйгарылсын.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардегери,эл агартуунун отличниги Н.Кедеевдин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |