Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АИЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры №07
“Айым-Арал айылынын көчөсүнө Эргашев Кадиржандын атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айым-Арал айылынын тургундарынын 2017-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн чогулушунун №1 протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин IX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Айым-Арал айылынын көчөсүнө Эргашев Кадиржандын аты ыйгарылсын.
2. Кадиржан Эргашевдин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү социалдык саясат,депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |