Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III чакырылышынын кезектеги 1cессиясы
2016-жылдын 25-январы №1/2
Сары-Могол айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Ибраимов Кеңешбек Ашымович” жоопкерчилиги чектелген коомунун Сары-Могол айылындагы Кызыл-Булак участкасынын “Батыш фланг” участкасынан көмүр кен казып алуу боюнча жазган 25.01.2016-ж №4 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана ми нералдык ресурустар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген №4553 СЕ номерлүү лицензиясынын негизинде Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 26-январь 2016-жылы берилген билдирүүсүн карап талкуулап чыгып Сары-Могол айылдык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Ибраимов Кеңешбек Ашымович” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурустар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген №4553 СЕ номерлүү лицензиясынын негизинде Сары-Могол айылдык аймагына караштуу Кызыл-Булак участкасынын “Батыш фланг” участкасынан жалпы аянты 30 га жер,анын ичинен: 23 га жер көмүр казып алуу үчүн, 7 га өндүрүштүк багыттагы жер калдыктарын төгүү үчүн 12-январь 2035-жылы лицензия мөөнөтү бүткөнгө чейин тоо кен иштерин жүргүзүүгө убактылуу макулдук берилсин.
2. Көмүр казып алуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген 30 га жерден түшкөн ижара акысы жанан көмүр казып сатуудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү салык кодексине ылайык Сары-Могол айыл өкмөтүнүн казынасына төгүлсүн.
3. Ушул жогорудагы 30 га жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясына өндүрүштүк багыттагы жерлер категориясына которуубоюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Ушул чечимдин негизинде жогорудагы 30 га жерди бөлүп берүү жагы жана “Ибраимов Кеңешбек Ашымович” жоопкерчилиги чектелген коомдун жеткечиси К.А.Ибраимов менен келишимдерди түзүү жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Саитовго жана жер адиси А.Абдыкадыровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нишанов |