Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
2016-жылдын 2-февралы № 3/1
Сары-Моголайыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2015-жыда аткарылышы жана 2016-2018-жылдаргы болжолдуу пландары, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2014-2015-жылдарда аткарылышы, 2016-2018-жылдарга долбоорлору боюнча
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап талкуулап Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Моголайыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2015-жыда аткарылышы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Сары-Моголайыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2016-жылга 2017-2018-жылдарга болжолдуу пландары бекитилсин.
3. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн2015-жылдагы жергилиектүү бюджетинин киреше бөлүгү 12431,2 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 9435,6 миң сомго аткарылышы бекитилсин.
4. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин2016-жылга киреше бөлүгү жалпы 7714,3 миң сомго (анын ичинен толуктоочу грант 6551,6 миң сом, өздүк кирешелери: салыктык кирешелер 1009,2 миң сом, салыктык эмес кирешелер 153,5 миң сом), 2017-жылга долбоору 7306,0 миң сомго ( анын ичинен толуктоочу грант 6069,3 миң сом, өздүк кирешелерден салыктык кирешелер 1083,2 миң сом, салыктан эмес кирешелер153,5 миң сом), 2018-жылга долбоору 7569,5 миң сомго ( анын ичинен толуктоочу грант 6228,8 миң сом, өздүк кирешелерден салыктык кирешелер 1187,2 миң сом, салыктан эмес кирешелер153,5 миң сом), долбоорлору жактырылып бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Сары-Могол айыл өкмөтүнүнбашчысы А.Т.Курмушуевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанов |