Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 4/3
Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсеп алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө КРнын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде КРнын салык Кодексинин 337-статиясынын 6-пункутуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкага 9-эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1га жер 13,81 сомго төлөнсө аны 0,5 эсеге көбөйтүп башкача айтканда 6,91 сомду кошуп 1га чөп чабында жерге 20,72 сомго 1га сугат жердин азыркы базалык ставкасы 53,31 сомго төлөнсө аны 0,5 эсеге көбөйтүп башкача айтканда 26,66 сом кошуп 1га сугат жерге 79,97 сомго көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, салык кызматкери И.Матировдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсеп алуу менен базалык ставкасын 1га чөп чабынды жер үчүн 20,72 сом ал эми 1 га сугат жер үчүн 79,97 сом болуп бекитилсин.
2. Жогорудагы белгиленген базалык ставкаларды жер пайдалануучуларга толук жеткирүү жана уюштуруу жер адис А.Абдыкадыровко тапшырылсын.
3. Сары-Могол айылындагы айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы боюнча белгиленген салыктарды чогултуу жер адис А.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке тапшырылсын.
Төрага | А.Нишанов |