Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 5/1
Сары-Могол айыл өкмөүнүн тургундарына жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундары пенсия жашына жетип бирок пенсияга чыга албай жаткандыктарына байланыштуу жер үлуштөрүн бөлүп берүү жөнүндөгү маселелерди карап, талкуулап Сары-Могол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарынын пенсияга чыгуу маселесин чечүү максатында мамлекеттик жер запасынын 14854га жеринен айыл өкмөтүнүн ар бир жаранына 3 (үч) сотых суулуу жер, 5 (беш) сотых чөп чабынды жер аянтын бөлүп берүү жагы Жогорку Органдарына сунушталсын.
2. Ушул мамлекеттик жер запасында турган 14854га жердин тиешелүү бөүгүн үлүшкө бөлүүнү чечип берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, Алай Райондук мамлекеттик администарциясынын суралсын.
3. Ушул чечимди аткарууну камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке тапшырылсын.
Төрага | А.Нишанов |