Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2016-жылдын 18-апрели № 5/2
Сары-Могол айыл өкмөтүндө инвестициялык иштер жөнүндө
Сары-Могол айыл өкмөтүнүндө 2012-жылы Тилемишов Мурзакарим Тарабынан сунушталган Сары-Могол аыйлына көпүрөө куруу долбоору Германиянын GIZ уюмутарабынан колдоого алынып 2014-жылы турмушка ашырылган болчу ушуга жакындан көмөк көрсөтүү максатында айылдык кеңештин сессиясы карап долбоордун аткаруучусуна 9 айга айлык акы төлөп берүү каралып бекитилген. Бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу токтомдо көрсөтүлгөн айлк акынын 50% ы өткөн 2015-жылы төлөнбөй калган болчу, айылдык кеңештин депутаттары 5.02.2015-ж №2 токтомдун негизинде талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аталган долбоор толугу менен аткарылып айыл өкмөтүнүн балансасына Сары-Могол дарясына курулган көпүрөө өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу долбоордун аткаруучусуна айлык майанасынын калганы 30.000 (отуз миң) сом толугу менен төлөнүп берилсин.
2. Бюджеттен акча болүп берүү жагы Алай райондук ФЭБнүн башчысы З.С.Молдокуловдон суралсын
3. Токтомдун аткарылышы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке жана ФЭБнун башчысы А.Саитовко милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Төрага | А.Нишанов |