Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынынXXV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 12-октябры № 7
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин бекитилген планына киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизүү жана үнөмдөлгөн статьяларды керектүү статьяларга жылдыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтү тарабынан даярдалып сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин бекитилген планынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизүү жана үнөмдөлгөн статьяларды керектүү статьяларга жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2016-жылда жергиликтүү бюджетин жана атайын каражаттарын бекитилген планынын киреше бөлүгүнө ко1. шумча өзгөртүүлөр № 1-тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн. (№ 1-тиркеме тиркелет).
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2016-жылда жергиликтүү бюджетин жана атайын каражаттарын бекитилген планынын чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөр № 2-тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн. (№ 2-тиркеме тиркелет).
3. Жогорудагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражаттарынын бекитилген планынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизүү жана үнөмдөлгөн статьяларды керектелүүчү статьяларга жылдыруу боюнча райондук финансалык бөлүмү менен макулдашуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы И.Мамитхоновго тапшырылсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Ж.Нурматов |