Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III –чакырылышынын I-отуруму
2014-жылдын 22-февралы № 3/1
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана 2014-2015-2016-жылдарга божомол пландары боюнча Сары-могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2012-2013-жылдарда аткарылышы, 2014-2015-2016-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевтин докладын угуп жана талкуулап, Сары-Могол айылдык кеңеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн 2013-жылдагы аткарылышы жылдын жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык деп белгиленсин
2. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социялдык –экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн 2014-2015-2016-жылдарга божомол пландары бекитилсин.
3. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылда киреше бөлүгү 15825,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 14763,8миң сомго аткарылышы бекитилсин
4. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылда киреше бөлүгү 6789,9 миң сомго (толуктоочу грант 5613.9 миң сом,өздүк киреше 1175,7 миң сом),чыгаша бөлүгү 6789,6 миң сомго бекитилсин.
5. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин долбоору 2015-жылда бөлүгү 6838,6 миң сомго (толуктоочу грат 5566,2миң сом,өздүк киреше 1272,7 миңсом),чыгаша бөлүгү 6838,9 миң сомго ,2016-жылга киреше бөлүгү 7042,1 миң сомго(толуктоочу грант 5642,4 миң сом ,өздүк киреше 1389,7миң сом ),чыгаша бөлүгү 7042,1миң сомго бекитилсин
6. 2013-жылдын өткөн 1061,7миң сом (1028,3 миң сом салыктын жана 33,4 миң сом тайын каражаттардан) акча каражаттары түзүлгөн сметанын негизинде 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планга киргизилсин
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанов |