Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III –чакырылышынын II-отуруму
2014-жылдын 09-апрели № 6
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевтин “Азия –КНР” газ түтүкөрүн D участкасы боюнча Чоң-Алай районунун Карамык айылынан баштап Алай районунун Нура айылына чейин жалпы узундугу 215 км аралыкта газ түтүктөрүн алып өтүү жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Сары-Могол айылдык кеңеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Орто Азия-КНР” газ түтүктөрү курулушунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн территориясынан алып өтүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн территориясынан газ түтүктөрүн алып өтүүдөгү бузулган жерлер кайра калыбына келтирилсин.
3. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундары курулуш боюнча иш кызматы менен камсыз кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанов |