Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III –чакырылышынын 6 -отуруму
2014-жылдын 30-июлу № 12/2
Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык өткөрүүчү тутүгүн алып өтүүдө жер тилкелерин аныктоо боюнча комиссиянын төрагасы А.Курмушуевдин билдирүүсүн угуп жа,на талкуулап Сары-Могол айылдык кеңешинин 3-чакрылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош обласына караштуу Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык өткөрүүчү тутүгү Сары-Могол айылынын түндүк тарабынан чыгыш тарапты көздөй Чоң-Алай аймагы менен Сары-Могол аймагынын чекарасы аркылуу өтүүчү Сары-Могол дарыясынын тартып Жиптик участкасы аркылуу өтүп Талды-Суу аймагы менен чектешкен Талды-Суу дарыясынан өтүп кетет.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Т.Сарпашов өткөргөн 2014-жылдын 11-июлундагы жыйынынын №15 64 сандуу протоколунда көрсөтүлгөн комиссия мүчөлөрү жана Ош областынын Алай районунун бийлик өкүлдөрү жумушчу комиссиясынын катышуусу менен бирдикте мурдагы “Транс-Кыргыз газ пайплайн компания лимитед”жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарап даярдаган машруттук долбооруна комиссиянын чечиминин негизинде толукттоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген машруттук чиймени талкуулап Сары-Могол айылдык кеңеши кубаттайт.
3. Ушул токтомго ылайык иш жүргүзүү жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Могол айылдык кеңешинин экономика,инвестицияларды тартуу,жер жана агрардык реформа,өнөр жай, курулуш жана комминикация боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөл жүргүзсүн.
Төрага | А.Нишанов |