Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 15-сессиясы
2018-жылдын 26-январы № 1
“Курулуш айылына мечит куруу үчүн Калмуратов Жоомарттын жашап жаткан жеке менчик турак жай участкасынан жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокен райондук архитектура башкармалыгынын мечит курууга
13.12.2017-жылдагы № 288-корутундусу боюнча Курулуш айылынын тургуну Калмуратов Жоомарттын макулдугунун негизинде өзү жашап жаткан жеке менчик турак жай участогунан Курулуш айылына мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү айылдык Кеңешинин депутаты Д Төрөкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 15-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин депутаты Д Төрөкановдун билдирүүсүэске алынсын.
2. Курулуш айылынын тургуну Калмуратов Жоомарттын макулдугунун негизинде өзү жашап жаткан жеке менчик турак жай участогунан Курулуш айылына мечит куруу үчүн 0,07 (жети) сотых жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөсүн.
Төрага | Т.Стамбаев |