Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 1
Ноокен айыл аймагынын Сары-Сыя айылынын тургундарынын арызынын негизинде,Сары-Сыя айылынын жеке менчик мончосун сатып алуу жана айыл Ноокен өкмөтүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Ноокен айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Ноокен айыл аймагынын Сары-Сыя айылынын тургундарынан түшкөн арызын Сары-Сыя айылындагы жеке менчик мончосун сатып алуу жана айыл өкөмттүн балансына өткөрүү жөнүндөгү маалыматтын угуп, талкуулап ХХVII-чакырылышынын VII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ноокен айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты мончо сатып алууга максаттуу жумшалсын.
2. Ноокен айыл аймагынын балансына кабыл алуу финасы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын ноокен айылдык кеңешинин финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Султанмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Муратов |