Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты № 9-1
Өзгөн шаарына курулуучу канализациянын саркынды сууларды тазалоочу курулмасына тандалган жер тикесинде үлүшү бар жарандарга алардын үлүш жер тилкелерине тете үлүш жер тикелерин № 573-контурдан ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген Өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын каржылоосу менен курулуучу Өзгөн шаарынын канализациясынын саркынды сууларды тазалоочу курулушуна тандалган айыл Өкмөттүн Бак участкасынын № 998-контурундагы жалпы аянты 5 гектар жер тилкесиндеги, үлүшкө берилген жер участоктордун ээлеринин макулдуктарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Бак участкасынын № 998-контурундагы айыл Өкмөттүн тургундарынын жалпы аянты 5 (беш) гектар үлүш жер участкалары Өзгөн шаарынын канализациясынын саркынды сууларды тазалоочу курулушуна берилсин, ал эми № 573-контурдагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринен, үлүш ээлерине, алардын жер участокторуна тете 5 (беш) гектар жер участоктору үлүш катары ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган жер участокторун мыйзам чегинде үлүш ээлерине бөлүп берүү айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Эргешбаев |