Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-чакырылышынын) Кезексиз 9-сессиясы
2018-жылдын 26-марты № 9-2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдагы 9-феврал дагы №КЛ 583 Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын тургундарына жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги (VI) чакырылышынын, кезектеги IX-сессия, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдагы 9-февральдагы №КЛ 583 Өзбек Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш,Кызыл-Кырман, Кашка-Терек жана Кош-Коргон айыл башчыларынын , айыл тургундарына үй куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап төмөндөгүлөрдү аныктадык:
Баш-Дөбө айыл аймагынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын Берген сунушу боюнча 42(кырк эки ) чактуу Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынында үй куруу үчүн участок сурап арыз жазгандардын саны 600(алты жүз)дөн ашык экендиги аныкталды ошол учурда сугат жер аянтына мораторий жарыялангандыгын билебиз ошол себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 19-мартагы №169чу токтому менен бекитилген убактуулу жобонун негизинде
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын IX-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл аймагынын аймагынындагы Бостон (Көк-Таш) участогунан №34-контурдан 21,39га №45контурдан 7,40га №20-контурдан 10.74 №26-контурдан 10.47га жалпы 50(элүү)га кайрак жер аянты трансфармациялансын.
2. Тийиштүү өлчөмдөгү жерди бөлүп берүү документтенин дардоо иштери Өзгөн райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнө жана райондук кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Эргешбаев |