Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-чакырылышынын) Кезексиз X-сессиясынын отуруму
2018-жылдын 26-майы №10/1
Өзгөн райондук прокуратурасынын 23.05.2018-ж №11-1204-18 каршылык билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайларды карап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
Аныктады:
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн каттоо журналында Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 3-чү чакырылышынын 17-чи сессиясынын 2008-жылдын 28-мартындагы №86-17 сан менен Кош-Коргон участогунан 3.5га кайрак жер аянты жеке менчик турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө токтом,2016-жылдын 27-апрелиндеги Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чи чакырылышынын 20-кезектеги сессиясынын №20-5 сандуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө токтом жана 2015-жылдын 4-мартындагы Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-чи кезектеги сессиясынын №6 сандуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кеңеш айылынын №461-контурундагы жер участогунун ген планын бекитип берүү жөнүндөгү токтомдор катталган.
Ошол мезгилде атуулдарга жеке менчик турак жай куруу боюнча токтомдор Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн каттоо журналына катталбагандыгына байланыштуу жасалмалангандыгы такталды.Андыктан турак жай куруу боюнча чыккан токтомдор жокко чыгаруулуга жатат деп Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 3-чү чакырылышынын 17-чи сессиясынын 2008-жылдын 28-мартындагы Кош-Коргон участогунан 5га сугат жер аянты жеке менчик турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү №86-17 токтому
2. 2016-жылдын 27-апрелиндеги Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чи чакырылышынын 20-кезектеги сессиясынын Кош-Коргон участкасынан №612,613-контурундагы 1.20га жер аянты турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү №20-5 сандуу токтому
3. 2015-жылдын 4-мартындагы Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-чи кезектеги сессиясынын Кош-Коргон участкасынан №573,№539,№540-контурунан турак жай куруу үчүн жер участогун бекитип берүү жөнүндөгү №6 сандуу токтомдору мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиктен жокко чыгаруулуга жатат.
Төрага | Т.Эргешбаев |