Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 18/1
2018-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өз мөөнөтүндө сапаттуу өткөрүүдө, жазгы айдоо , себүү минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин а\башчылардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасыны Мыйзамынын 31 беренесинин 1 бөлүгүнө ылайык Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2018-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өз мөөнөтүндө сапаттуу өткөрүүдө, жазгы айдоо , себүү минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин а\башчылардын жүргүзүп жаткан иштери талапка ылайык жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Жазгы талаа жумуштарын өз мөөнөтүндө аткарууда айрым кетирилип жаткан кемчилдиктерди тез аранын ичинде жөнгө салуу айыл башчыларга жана жер боюнча адиске милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин төрагасы: С.Жээналиев.
Төрага | С.Жээналиев |