Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 18- отуруму
2018-жылдын 22-майы № 18/3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2019-2020-2021-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын 18- кезексиз отуруму , айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 18- кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11673,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11673,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 9076,4 миң сомго, өздүк киреше 2597,1 миң сомго, атайын каражат 588,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2. 2020-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11813,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11813,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 9141,4 миң сомго, өздүк киреше 2672,1 миң сомго, атайын каражат 588,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3. 2021-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 11883,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11883,5 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 9189,4 миң сомго, өздүк киреше 2694,1 миң сомго, атайын каражат 588,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээналиев |