Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 18- отуруму
2018-жылдын 22-майы № 18/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн кенже-1 тайпасын ачуу жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Г.Разакулованын билдирүүсүн угуп, кезексиз сессияда талкуулап Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 18- отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн кенже-1 тайпа жоктугуна байланыштуу,25 орундуу 1-тайпа ачуу жагы жана каржы маселесин чечип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет камиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Жээналиев |