Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 18- отуруму
2018-жылдын 19-сентябры № 19/1
Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 6 бөлүмүнө ылайык
Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету канаттандыраалык деп табылсын (тиркелет).
2 Айыл өкмөтүн алты ай ичинде жүргүзгөн иштеринде айрым кемчилдиктер жоюу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Жээналиев |
Урматтуу депутаттар!
Айыл өкмөтүндө 2018-жылы иш пландын жана өнүгүү пландын негизинде иш жүргүзүлдү.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө 16 жооптуу кызматкерлер эмгектенет. Алардын 6 жогорку билимдүү, 6 атайын орто жана 4 жалпы орто билимдүү.
Айыл өкмөттө 5 айыл бар..Анда 2018-жылга кожолук 1532, 6038 адам жашайт.Алардын ичинен эркектер 3028 аялдар 3010 , мектепке чейинки балдар 1232,мектеп жашындагылар 1189. Эмгекке жарамдуу калктын саны 2711,пенсия жашындагылар 465,айыл өкмөт боюнча согуштун катышуучулары 1, майыбы 1, баатыр энелер 95, тылда эмгек кылгандар 6, тоголок жетимдер 2, бала кезинен майыптар 52, эмгек майыптары 105,аскер үй бүлөлөрү 3, көзү азиз,кулагы укпагандар 24, мүмкүнчүлугү чектелген 18 жашка чейинки балдар 17, 90 жаштан 100 жашка чейинкилер 11, 80-90 жашка чейинкилер 79, учук оорусу менен ооругандар 6, ДЦП да 2.Айыл өкмөтү боюнча жалгыз бой карыялар 9.
2018-жылы жакырчылыкты анализдөөдө 757 үй бүлөлөргө социалдык паспорт толтурулуп, анын негизинде кирешеси 0-900 сомго чейинки үй бүлөөдө 446, кирешеси 901-1421 сомго чейинки үй бүлөлөр 186,кирешеси 1421-2596 сомго чейинки үй бүлөлөр 75 Айыл өкмөттө 2018-жылдын алты ай ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды. Ачыгыраак айтканда жогорку органдардан 291 кат келген, анын ичинен токтомдор 19,буйруктар 82,билдирүүлө 166, администрациянын аппаратынын протоколдору 22,чечимдер 2 келип түшкөн.Алар өз убагында реализация болуп , аткарылышы боюнча райондук мамлекеттик администрацияга маалыматтар жөнөтүлүп турду.Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде ичинде 27 отурум өткөрүлүп 62 маселе талкууланып каралган.2018-жылдын алты ай ичинде жазуу жүзүндө 24 атуулдан арыз түшүп, арыз ээлерине убагында кат жүзүндө жооп берилип турду. Ал эми 2018-жылдын алты ай ичинде 47 бала төрөлүп, 24 адам кайтыш болду. Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө 70 адам учеттон
-2-
чыгып кетишип, 32 адам учетко келип турушкан. Ал эми учеттон чыкпай
иштеп жүргөндөрдүн саны 185 адам.
Ошондой эле айыл өкмөтүндө каттоодо турган аскерге жарактуулардын саны
720, альтернативалык кызмат өтөгөндөрдүн саны 8, бүгүнкү күндө альтернативага төгүлгөн акча 2018-жылга алты айга 328,,0 миң сом төгүлдү.
3 бала Бишкек шаарында кызмат өтөп жатат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атайын буйруктарынын негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын убагында болтурбоо, бөгөт коюу максатында атайын категориядагы жарандардын үстүнөн профилактикалык каттоо жүргүзүлүп, тийиштүү иш алып барылат. Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борбору бүгүнкү күндө участкалык инспектор менен биргеликте иш жүргүзүп, айылдарда коомдук тартипти сактоо боюнча элдик кошундар уюшулган.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 маданият үйү, 2 мектеп, ;18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2 ФАП иштеп жатат.Эки мектепте 735 окуучу, 89 мугалим билим берип , 24 техникалык кызматкер эмгектенишет. 2017-2018-окуу жаңы жылына мектептерди даярдоо максатында ички, тышкы ремонтуна республикалык бюджеттен 57,740 миң сом, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40,0 миң сом, № 18 балдар бакчасына 40,0 миң сом келип түшүп, иштетилген.
Курманжан Датка 200, Арпа-Тектинр эмканаларында 6 кызматкер эмгектенет. Алар бүгүнкү күндө кургак учук, сарык, кызамык ооруларына каршы эмдөөлөдү
жүргүзүп турушат. 2018-жылдын 6 ай ичинде Курманжан Датка 200 эмканасында 1 жашка чейинки баланын өлүмү катталган эмес.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө 2 китепкана иштейт. Алардын китептерин ондоо, концелярдык товарлары учүн 10,0 миң сом бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө китепканаларда маданий массалык иштерди жүргүзүүдө, эки айылда китепканаларда маданий массалык иштерди жүргүзүүдө, эки айылда китеп мүмкүнчүлүүгү чектелген балдар менен “Күн баарыбызга бирдей тиет” –деген темада жолугушуу кече өткөрүлүп сый тамактар жана белектер берилди.
Арпа-Тектир айылындагы маданият үйүн Абдубап уулу Мурат жетектейт, Айылдык китепканалар ар бир даталуу майрамга карата иш чара уюштурушат. Быйылкы жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлгөн “Эл ичи өнөр кенчи” деген конкурска айылдан чыккан таланты бар апаларды чогултуп “Шайыр апалар” тобун түзүп, райондук
-3-
деңгээлде өтүлгөн конкурска катышып кызыктыруучу сыйлык 2000 сом жана грамоталар менен сыйланышты. Мындан тышкары китепкана кызматчылары жана маданият кызматкерлери республикалык деңгээлде өткөн “Айыл оттору” фестивалына катышып келишти айылдык китепкана башчылара айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды газета журналдар менен камсыз кеылып жаңылктарды окуп берип турушат.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн атуулдарына сапаттуу үрөөндөрдү колдонуу жагын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Райондук департамент аркылуу, көп жылдык үрөөн үчүн сапаттуу беде урук, арпа,эспартцептер кымбат баада келгендигине байланыштуу дыйкандар баш тартышкан.
Өкмөтүн аймагына жазгы талаа иштери боюнча жолдордун боюна жана бактарга 7 000 ар түрдүү көчөттөр эгилди.Өкмөттүн тургундарына сугат суу апрель айынан бери үзгүлтүксүз берилип келүүдө. 8км ички арыктар тазаланган, сугат суу 4 айылга жеткирилген, кезек менен сугарышат.Савай жана Күңгөй каналдар райондук суу чарба башкармалыгы менен бирдикте тазаланган.
Демөөрчүлөр тарабынан Таш-Булактан, Кара-Шоро айылына чейин 1 км 800 м жерге суу чыгарышкан Кызыл-Ой айылына караштуу Көк-Жар участкасынан Кызыл-Ой айылына чейин 2 км 500 метр жерден суу чыгарылган элдин күчү менен 30,0 миң акча жыйналып иштетилген 2 км 500 метрге шланга тартуу үчүн элдер өздөрү чогултуп 45,0 миң сом топтоп беришкен. Айыл өкмөт боюнча аренда алгандар 50 адам. Алты айга 30,0 миң сом аренда акы төгүлгөн.
2018-жылдын 18-январында Арабдардын коому тарабынан эң жакыр майып 8 атуулга ар бирине 500 кгдан көмүр берилди.
“Кувейт” тарабынан жарым жетим 10 жашка чейинки 6 балага 2700 сомдон ай сайын жөлөк пул алып жатышат.
15-февраль Афганчылардын күнүнө карата 3 афган согушунун катышуучуларына 2000 сомдон жалпы 6000 сом акча бөлүнүп берилди. “Бообек” ресторанына барып сый тамактар, концерттик программалар тартууланды.
8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө карата өкмөтүнөн №27 буйрук чыгып, буйруктун негизинде бир топ иш чаралар аткарылды. Айыл окмөтү тарабынан 8-Март аялдардын Эл аралык майрамына карата 30,0 миң сом акча каражаты каралган. 10 ишкер аялдар районго барып сыйланды. Ошодой эле Баатыр энелерден 40 аял айыл өкмөтүнө чакырылып ар бирине 500 сомдук белектер таркатылды, концерттик программалар тартууланды. Бардык суммасы 30,0 миң сом акча каражат сарпталды. 21-март “Нооруз” майрамына карата айыл өкмөтүнөн №35 буйрук чыгып, буйруктун негизинде 55,0 миң сом акча каражат бөлүнуп берилди. Арпа-Тектир айылына 5 кыргыз үй тигилип, жамааттар аралык оюн зоок конкурстар болуп, “Нооруз” майрамы
-4-
жогорку деңгээлде өттү. Улуттук тамак-аштардын, спорттук оюндардын, ууздардын көргөзмөлөрү болуп өттү жана байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар берилди.
Айыл өкмөтүндө “Баатыр Эне” орденине, “Эне даңк” медалына энелердин документтери даярдалып тапшырылды.
9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына карата айыл өкмөтүнөн 45-буйрук чыгып, буйруктун негизинде иш-чаралар иштелип, уюштуруу тобунун курамы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атуулдарды 9-май күнү райондук деңгээлде өтүүчү майрамдык салтанатка Боронов Дөөлатти алып барып, акчалай сыйлыктар белектер берилди.
10-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти ачуу салтанаты болуп өттү. Ага айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланып тургузулду жалпы наркы 297,7 миң сом акча каражаты сарпталды.
Ошону менен биргеликте спорттун ар түрү боюнча райондо айылдарда оюндар өткөрүлуп бардык суммасы 35,0 миң акча каражаты жумшалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги жарлыгы менен май айынын 3 жекшембисин “Энелер күнүн белгилөө” жөнүндөгү жарлыгы боюнча айыл өкмөтүнөн № 58 17-май 2018-жылдагы буйругу чыгып иш-чаралар иштелди. Айыл өкмөтүндө коомго зор салым кошкон үзүрлүү эмгектенген 50 энени айыл өкмөтүнө чакырып сый тамактар берилип, концерттик программа тартууланып белектер таркатылды. Баардык суммасы 30,0 миң сом акча сарпталды. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы атасы каза болгон 10 жашка чейинки жарым жетим 6 баланын документтери Кувейттин пасобиесине тапшырылды. Ошондой эле Кувейттен ай-сайын пасобие алган 6 балага 10 кгдан ун, кумшекер,күрүч, тамат макрон таркатылды.
“Нур тамчы” коому тарабынан Жар-Кыштак айылынын тургуну жарым жетим аз камсыз болгон үй-бүлөнүң баласы Анишов Азаматка 3800 сомдук кийимдер алынып берилди.
Аз камсыз болгон, жакыр майып балдары бар 15 үй-бүлөлөрдүн балдарына “Нур тамчы” коому тарабынан кийим кечелер, бут кийимдер берилди.
1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү айыл өкмөүндө жогорку деңгээлде белгилөө, аларга ар тараптан камкордук көрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнөн №70 29-май 2018-жылдагы буйругу чыккан. Буйруктун негизинде иш-чаралар иштелип чыгып, уюштуруу тобунун курамы түзүлгөн. Балдарды коргоо күнүндө айыл өкмөтүнө 35 бала чакырылып белектер берилип шириндиктер таркатылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримов тарабынан жакыр майып 13 үй-бүлөлөргө ун, май, кант, күрүч, печенье, чай, макарон берилди.
-5-
1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдарга 5,0 мин сомдук оюнчуктар алынып берилди. Бул мекемемедеги балдар бакчасында “ Бактылуу балалык”, “Балалыктын ачык асманы” атуу сүрөттөрдүн, плакаттардын чыгармалардын конкустары өткөрүлүп концерттик программалар тартууланды.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарым жетим, майып балдарга, жакыр үй-бүлөлөрдөн 34 балага белектер шириндиктер берилди.
Баардык суммасы 20,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
“Нур тамчы” коому тарабынан жакыр мүмкүнчүлүгү чектелген 10 үй бүлөлөрдүн балдарына районго алып барып концерттик программалар, мултьфилимдер көрсөтүлүп белектер жана балмуздактар таркатылды.
31-август Эгемендүүлүк күнүнө 27 жылдык майрамына карата айыл өкмөтүнөн №95 буйругу чыгып буйруктун негизинде бир топ иштер аткарылды. Эгемендүүлүк күнүнө 55,0 миң сом акча каражаты каралып, көрнөк жарнактарга жана спорттук оюндарга активдүү катышкан атуулдарга 500-2000 сомго чейин акчалай сыйлыктар берилди.
“Нур тамчы” коому тарабынан турмуштун оор кырдалына кабылган үй-бүлөөлөргө Кара-Шоро айылынын тургуну Орозбаева Нурайымга-2150 сомдук, Кызыл-Ой айылынын тургуну Нарынбек кызы Фатимага жана Акмаанайга-4200 сомдук Боз-Караган айылынын тургуну Кыязбек уулу Абдүшүкүргө 2200 сомдук 2018-2019- окуу жылынын ачылышына карата кийим кечелерди алып беришти.
“Адеп башаты” кайрымдуулук фонду тарабынан 21 жарым жетим аз камсыз болгон үй бүлөлөргө эттерди,кийим кечелерди таркатышты.
Ошондой эле аз камсыз болгон жалгыз бойлорго, согуштун катышуучуларына мектептердеги Манас, Семетей, Сейтек, уюмдары күндөлүк тиричиликтерине жардамдашып жазында үйлөрүнүн айланаларын тазалап, актап жардамдарды беришүүдө.
АРИС тарабынан алынып келинген фронтальный погрузчик RONGWEI ZI 939E маркасындагы ковшанын көлөмү 1,8 м\куб техникасын ын жалпы баасы 2178400 (Эки миллион бир жүз сексен жети миң алты жүз) сомду түзөт.
2018-жылдын 6 ай ичинде айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөндөгүдөй иштер аткарылды
Жайытты тосуу боюнча 2 км 650 метр жерди тосуу боюнча тендерге берилди. Ал эми бакты тосууга Кытай-Дөбөгө уюштуруу үчүн 85,870 миң сом каралып порталга берилди. Көчөт алуу үчүн 8,0 миң акча которулган. 200 түп көчөт отургузулган.
-6-
1. №18 балдар бакчасына 30 орундуу ашкана куруу үчүн 209,5 миң сом.
2. №18 балдар бакчасына жаңы тайпа ачуу үчүн 130,0 миң сом
3. Арпа-Тектир орто мектебине пластик айнек эшик орнотуу 195, 524 миң сом.
4. М.Ташиев атындагы орто мектебине ажатканасын оңдоого өздүк 39,460 миң сом.
5. М.Ташиев орто мектебине видео камера орнотууга 97, 230 миң сом.
6. №18 балдар бакчасын ремонту үчүн 40,0 миң сом
Айыл өкмөтүндөгү элдердин малдарын эмдөө боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыктар болду.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдарды сандан сапатка өтүү боюнча жакшы жолго коюлган Айыл өкмөтүндөгү ветсервистин башчысы Бегматов Базарбек аркылуу быйылкы жылы 1-кварталда 10 баш кара малга жасалма уруктандыруу жасалган.
Өкмөттүн аймагындагы элдердин мал-жандыктарын квартал сайын эмдөолөр өткөрүлүп турат.
Айылдын аталышы | Шарп (баш) | Сибир | Кара сан | Мите куртка каршы | Бруцеллез го кан алуу | Башка ооруларга каршы |
Боз-Караган | 817 | 615 | 395 | 410 | 245 | 205 |
Кара-Шоро | 719 | 572 | 305 | 395 | 255 | 107 |
Жар-Кыштак | 256 | 215 | 120 | 55 | 50 | 56 |
Арпа-Тектир | 785 | 785 | 415 | 485 | 450 | 203 |
Кызыл-Ой | 185 | 185 | 95 | 35 | 30 | 34 |
Бардыгы: | 2765 | 2372 | 1310 | 1380 | 1030 | 555 |
Жылкылар боюнча:
Кой-эчкилер боюнча:
-7-
Ит –мышыктар боюнча эхинококкозго каршы 591 итке дары берилип турат, квартал сайын. Айыл өкмөт боюнча 61 ит-мышыктар I-кварталга атылды.
Продукцияларды өндүрүү жана иштетүү:
Айыл чарба продукциялары | 2017-жыл факт 6 ай | 2018-жыл 6 ай факт | Аткарылганы % |
Эт т. | 301,7 | 305,2 | 101,1 |
Сүт т. | 335,6 | 850,5 | 102,3 |
Жүң т. | 22,8 | 22,3 | 102,2 |
Жумуртка м.д. | 179,2 | 182,6 | 101,8 |
2018-жылда айдап себүү боюнча :
Арпа - 30 га
Жүгөрү - 55 га
Жашылча - 36 га
Картошка - 510 га
Көп жылдык чөп - 292 га
Бир жылдык чөп -30 га жер аянты айдалып иштетилди.
Айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча токтолсом:
2018-жыл 6 ай ичинде планы 4164,3 миң сом аткарылган.
Айыл өкмөт боюнча салык чогултуу 6 ай ичинде 6002,8 миң сом же болбосо 144 % га аткарылган.
Физикалык жер салыгынын планы 41,1 факт,49,9 -121 пайызга
Юридикалык жер салыгынын планы 25,6 факт 54,5- 106,0 пайызг
Айыл чарбасына арналган планы19,9 факт 163,1-819 пайызга
Транспорт каражаттарынын салыгы 87,0 факт 115,4-132 пайызга
Патенттин негизинде под.салыгы 18,9 факт 36,9 –195 пайызга
Под.налог план 342.8 факт 351,8- 102 пайызга
Ата энелер взнос план 222,7 факт- 205,3 – 92,2 пайызга
ФПС план 14,0 факт 143 -102 пайызга аткарылган.
Лиценция 188,5 фак 910,3 482,9
Жайыт 67,7 факт23,7 35 пайызга
Айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарыла турган иштери:
1.Эки жаңы жумуш орундарын түзүү,жумушсуздуктун санын азайтуу.
2.Калктын дебитордук карыздарын кыскартуу жана электр энергиясын
-8-
пайдалануу,үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3.Райондук токойчулугу менен биргеликте айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын
коопту жерлерине 500 көчөт отургузуу .
4.Арпа-Тектир,Кызыл-Ой,Жар-Кыштак айылдарына күнөс каналарды куруу,жеке
ишкерлерге арзан кридит алуусуна көмөк көрсөтүү.
5.Айыл өкмөтүндө жасалма жол менен уруктандыруучу пункттун ишин
жакшыртуу,элге асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
6.Малдын так санын аныктап,воксина менен камсыз кылуу,малдын жугуштуу
ооруларын алдын алуу ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу,малдарды
идентификациядан өткөрүү
7.Турак жайларды камсыздандыруу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
жана турак жай ларды камсыздандыруу.
8.Кооптуу жайларда жашаган калкты коопсуз жайларга көчүрүп чыгуу.
Жогорудагы көрсөтүлгөн иштер жыл ичинде аткарууга аракет кылам деп сиздерди ишендирип кетемин.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы | А.Азимжанов |