Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXVII чакырылышынын) кезектеги XI сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 57
Макмалалтын филиалынын жанына "Джи Эл Макмал Девелопинг" биргелешкен коому тарабынан курулуп жаткан фабриканын курулуш иштери тууралуу
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы "Өнөр жай, курулуш транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын " төрагасы Базаркулов Толкунбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жашоочуларынын 14-апрель 2016-жылдагы жалпы чогулушунун № 5 протоколу, 18.04.2016-жылдагы жалпы чогулушунун №1 протоколу, 22.09.2017-жылдагы жалпы чогулушунун №1 протоколу эске алынсын (протоколдор тиркелет).
2. Ачык-айкындуулук үчүн курулуп жаткан жаңы фабриканын техникалык экономикалык негиздерин элге алып чыгуу жана маалымат жеткирүү "Джи Эл Макмал Девелопинг" биргелешкен коомунун генералдык директору М.С.Жээналиевден суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын берген катынын негизинде 0,83 га документи жок жерди тактоо райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Т.Арун уулунан, райондук экология бөлүмүнүн жетекчиси Н.Орозовдон жана Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жайыт"-комитетинин төрагасы С.Апиевден суралсын.
4. Тогуз-Торо районунун Жергиликтүү кенештеринин Кошмо жыйынына "Джи Эл Макмал Девелопинг" биргелешкен коомунун жургузуп жаткан иштери тууралуу маалыматын кароо жагы сунушталсын.
5. "Джи Эл Макмал Девелопинг" биргелешкен коомунан райондук деңгээлде коомдук угууларды өткөрүү жагы суралсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администраңиясынын сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы " Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Базаркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Жунусакунов |