Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 83
Уч-Коргон айыл өкмөтү боюнча жаштар комитетине акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык кеңешине айылдык аймак боюнча жаштар комитетинин төрагасы М.Уметалиевдин айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт боюнча жаштардын спортсмендердин бири-бирин таанып, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү , жаштарды колдоо жана айылдар аралык мелдештерди өткөрүп келечекти спортсмендерди даярдоого түрткү берүү максатында каржы маселесин чечип берүү тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык аймагы боюнча жаштар комитетине 28,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүштүрүү жагы каралсын.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Шайназаровго убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |