Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 82
Жийде айылынын тургуну, ижарачы М.Садыровдун арызынын негизинде КБФдан алган жери боюнча келишимди кайра кароо жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине Жийде айылынын тургуну, ижарачы М.Садыровдон келип түшкөн арызды карап таанышып, талкууга салып айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Садыровдун Үч-Коргон айыл өкмөтү менен үрөнчүлүк чарба катары 12 жылга 2010-жылдын 3-сентябрындагы түзүлгөн № 4 - келишими жараксыз деп табылсын.
2. М.Садыровго арызынын негизинде ижарага алган жери боюнча келишимдин мөөнөтү кайра каралып 20 (жыйырма) жылга узартылып түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |