Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 81
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган“Коомдук алдын алуу борборунун” типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 сандуу “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү” жөнүндөгү ТОКТОМун ишке ашыруу максатында Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Коомдук алдын алуу борборунун” типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Үч-Коргон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү” типтүү жобосу Талас облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Каттоодон кийин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы айыл өкмөт тарабынан каржыланып, жасатуу жагы
4. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |