Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 82
Айылды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоору боюнча Чоң-Капка айылында жаңы тигилген ийне жалбырактуу көчөттөргө суугат суу жеткирүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айыл өкмөт башчысынын айылды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоору боюнча Чоң-Капка айылында жаңы тигилген ийне жалбырактуу көчөттөрдү суугат суу менен камсыз кылуу тууралуу кайрылуусун талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Капка айылындагы жаңы тигилген ийне жалбырактуу көчөттөрдү суугат суу менен камсыз кылуу максатында суу алып өтүүчү асбест трубаларын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,0миң сом акча каражатын бөлүп берүү каралсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго өз убагында акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |