Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 79
Малдын башын аман сактап калуу, ылаң оорууларынын алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине Манас райондук ветеринария жана фитосанитария боюнча башкармалыгынын башчысы М.Туралиевдин кайрылуусун жана 2015-жылы
Үч-Коргон айылындагы жашоочулардын кара малынын ылаң ооруусунан малдын башынын кескин азайышын эске алып айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдын башын аман сактап калуу, ылаң оорууларынын алдын алуу жана болтурбоо максатында мал жайылган жайытты дарылоо үчүн 100,0миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен Манас райондук ветеринария жана фитосанитария башкармалыгынын эсеп-чотуна которулуп берилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |