Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 78
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөгө ат коюу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айыл тургундарынан көчөгө ат коюу боюнча келип түшкөн арыздары жана элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкууга салып айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөнүн аты Исак уулу Сатканкул атындагы көчө болуп аталып бекитилсин;
2. Жогоруда көрсөтүлгөн көчөгө аты коюлган инсандын туугандарына жана уул-кыздарына көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана социалдык абалын жакшыртуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |