Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 77
“Саза-Байсуу” федерациясына жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Саза -Байсуу” федерациясынын башчысы Б.Асыранкуловдун федерациянын балансында турган “Саза-Байсуу”, “Маматбай” каналдарынын көп жылдан бери толук кандуу оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндүгүн жана бүгүнкү күндө каналдардын техникалык абалы начар абалда экендигин айтып каражат сурап кайрылуусун талкуулап
Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Саза-Байсуу” жана “Маматбай” каналдарынын ремонт иштери жана оңдоп тазалоого үчүн федерациясынын өздүк эсеп чотуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго акча каражатын которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |