Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 76
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын корутундусунун негизинде Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетин бекитүүнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча бөлүгү 10834,2мин сом жана чыгашалар боюнча 10834,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен теңдөөчү грант 2115,9мин сом, (спецсчет) атайын эсеп 1265,0мин сом, жергиликтүү бюджеттен 7453,3 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия тарабынан каралгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго милдеттендирилсин.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн. (айлык акы, соц. фонд, тамак аш жана коммуналдык чыгымдар)
5. Жыл ичинде электроэнергияга болгон карыздарды жабуу үчүн кошумча теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
6. “Колдоо” кризистик борборунун ишин колдоо жана алдыга жылдыруу максатында кризистик борборго 2 штаттык бирдик каралсын.
7. ТЖКЧ (турак жай жана коммуналдык чарба) багытында иш алып баруу үчүн 4,5 штаттык бирдик ачылсын.
8. Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттен 120,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго каралган штаттык бирдик боюнча келишим түзүү жана каржылоо жагы милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |