Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 74
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылында “Жылдыз-Суу” ИСКАКБнын төрагасын бекитүү, таза суунун баасы жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоо иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттарына, Уч-Коргон айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылынын айыл тургундары менен болуп өткөн жыйында таза суу маселеси жөнүндөгү көйгөйлөрдүн негизинде айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы “Жылдыз-Суу” ИСКАКБнын төрагасы болуп Ө.Тулебердиев бекитилсин.
2. Кызыл-Жылдыз айылындагы ичүүчү суу топтолуучу мунаранын насосун жана айылдагы суу түтүктөрүн оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70.0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жийде, Кызыл-Жылдыз айылдарында таза сууга болгон төлөмдүн баасы киши башына сырткы колонкадан ичкендерге 15 (он беш) сомдон , суу тутугу үйдүн (короо) ичинде болгон жарандардан киши башына 20(жыйырма) сомдон, ал эми суу тутугун жаныдан уйуно киргизуу учун уруксат алуу жана башкы суу тутугуно кошуу учун 7000 сом толом каралсын.
4. Чоң-Капка айылында элдик жыйындын протоколунун негизинде жарандардан таза сууга жан башына 20 (жыйырма) сом төлөм каралсын.
5. Таза сууга болгон төлөмдөрдү, өз убагында төлөнүүсүн көзөмөлдөө жагы Турак Жай Коммуналдык Чарба боюнча башкы адиси А.Райымбековго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |