Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-февралы № 73
Үч-Коргон айылдык аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясына жана инвестициялык планга коомдук угуунун жыйынтыгы менен толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясы жана инвестициялык планы боюнча 2016-жылдын 3-февралында өткөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алуу менен Үч-Коргон айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын 2013-2017-жылдар аралыгында өнүгүү стратегиясы жана инвестициялык планына коомдук угуунун жыйынтыгынын негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин жана ишке ашырууга алынсын.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |