Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 15/1
Жазгы талаа жумуштарынын абалы жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчө бойлорун иретке келтирүү, көчөлөргө көрнөк жарнактарды жасалгалоо жана жер айдоо жумуштарына акы төлөөнун көлөмүн белгилөө жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынын күн тартибиндеги 1-маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Сары-Булак айыл Өкмөтүнун аймагында жазгы талаа жумуштарынын абалы жана жашылдандыруу көрктөндүрүү, көчө бойлорун иретке келтирүү, көчөлөргө көрнөк жарнактарды жасалгалоо жана жер айдоо жумуштарынын жүргүзүлүшү боюнча айыл Өкмөтүндө бир топ иш аракеттердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин жана жер айдоо жумуштарына акы төлөөнүн көлөмү 1 га жер үчүн ______сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын айлана чөйрөлөрүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча бак-дарак көчөттөрү менен камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылып көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кенжебаев |