Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/2
Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак айылдык округунун жыйналышы сунуштаган айылдык окуругунун аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна көчүп келүүнү белгилөө жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагында жайгашкан Сары-Булак, Сары-Күңгөй, Ак-Колот, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго 2016-жылдын 10-майынан 20-май күнүнө чейин көчүп чыгуусуна жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10- сентиябрдан кийин көчүп келүүлөрү, Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак, айылдарынын жашоочулардын 2016-жылдын 15-майынан 20-май күнүнө чейин көчүп чыгуусу жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10-сентябрдан кийин көчүп келүүлөрү белгиленсин.
2. Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоорго белгиленген мөөнөтүндө кечигип көчкөндөргө жана жайкы жайлоолордон белгиленген мөөнөтүнөн мурда түшкөндөргө 5000 (беш) миң сом акчалай айып төлөөрү белгиленсин.
3. Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы Кара-Булак айылынын Коруулдун белиндеги жайлоосуна өзүм билемдик менен көчүп чыгып алган атуулдарга 20000 мин (жыйырма мин ) сом өлчөмүндө акчалай айып төлөөлөрү белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин агрардык азык түлүк, жер жана жер ресрустары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кенжебаев |