Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/3
Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин аймагындагы эгин аянттарына жана Чөп орунду аянттарына түшкөн малдарга айып салуу жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышына Сары-Булак айылдык округунун заседаниесине сунуштаган айылдык округунун аймагындагы эгин аянттарын жана Чөп орунду аянттарын корука алуу жана эгин аянттарына, Чөп орундуга түшкөн малдарга айып салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кенешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынын заседаниеси.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1 Сары-Булак айылдык округунун 25.04.2016-жылдын №15-заседаниесинде каралган эгин аянттарына жана Чөп орунду аянттарын корука алуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Эгин аянтына жана Чөп орунду аянттарына түшкөн Бодо малдар үчүн биринчи ирет түшкөнүнө 100 сомдон. экинчи ирет түшкөнүнө 200 сомдон, үчүнчү ирет түшкөнүнө 500 сомдон, кой эчкиге биринчи ирет түшкөнүнө 50 сом, экинчи ирет түшкөнүнө 100 сом, үчүнчү ирет түшкөнүнө 150 сом айып төлөө жагы мал ээлеринен суралсын.
3. Үч күнгө чейин камалган мал өлүп калса күбөлөрдүн актысынын негизинде корукчу төлөбөйт, үч күнгө чейин мал ээлерине корукчу аркылуу кабарлоо жагы белгиленсин.
4. Коңшулаш райондордон Чөп орундуга түшкөн Бодо малдарга 500 сом, жандыктарга 50 сомдон айып салынсын. Келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети айыл башчыларга жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык округунун башчысынын орун басары Л. Коңуратовго жана айыл башчыларга милдеттендирлсин.
Төрага | А. Кенжебаев |