Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/4
Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл айылдарда чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн ремонттоп, таза суунун үзгүлтүксүз чыгуусун камсыз кылып, иш аракеттерди жүргүзгөн атуулдарга акы төлөөнүн көлөмүн белгилөө жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынаын күн тартибиндеги төртүнчү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз чакырылган ;15-сессиясынын жыйналышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл айылдарда чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн ремонттоп үзгүлтүксүз суу чыгуусун камсыз кылуу боюнча иш аракеттерди жүргүзгөн атуулдарга ар бир айылдарда чыгарылган таза сууну пайдалануучулар тарабынан ай сайын ар бир кожолук 50 (элүү) сомдон суу акы төлөп берүү жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып таза суу пайдалануучулар менен жакындан иш алып баруу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кенжебаев |