Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/5
Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик малдарды ветеринардык эмдөөлөрдөн өткөрүүнүн жүрүшүн камсыздоо жана айыл айылдарда ветеринардык иниспекторлордун кызмат акыларын көлөмүн белгилөө сибир кулгунасы чыккан очактарын оңдоп түзөө, бекемдөөгө каражат бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн заседаниесинин сунушун кароо жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынаын күн тартибиндеги бешинчи маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз №15-сессиясынын жыйналышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик малдарды ветеринардык эмдөөлөрдөн өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн ветеринардык иниспекторлору тарабынан бир топ алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагында ветеринардык иш аракеттерди сапаттуу жүргүзүү жана калктын жеке менчик малдарын ар түрдүү жугуштуу ыландардан алдынала сактоо, сибир кулчукасы чыккан айыл Өкмөтүн аймагындагы ачактарды бетондоого, тосмолорун жанылоого жана жолбун ит мышыктарды аттырууга ветеринардык санитардык Дезинфекция жумуштарын жанылоого, ветеринардык пункттарынын айлана чөйрөлөрүн тазалоо иретке келтирүү жумуштарына Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30,0 (отуз мин сом) акчалай каражат бөлүнүп берилсин.
3. Айыл Өкмөтүнүн аймагында орчундуу жугуштуу ыландардын очактарын бекитүү дезинфекциялык иш аракеттерин айыл айылдардын вет инспекторлору ыкчам колго алышсын жана айыл айылдардын вет иниспекторлорунун кызмат акылары ар бир Бодо мал үчүн 25 сом ар бир жандык малдар үчүн 15 сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы сибир жарасы пайда болгон очактарды бекемдөө, тосмолорун оңдоп түзөө, ремонттоого айыл өкмоттун жергиликтүү бюджетинен 20,0 мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн заседаниесинин сунушу жактырылсын.
5. Сибир жарасы пайда болгон ачактарга жумшалуучу акча каражатын камсыз кылып берүү жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мамажусуповко милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Кенжебаев |