Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/6
Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата каралган бюджетинин долбоорун бекитүү жана айыл айылдарда мусор таштандыларды таштаган жайларды белгилөө жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынаын күн тартибиндеги алтынчы маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз №15-сессиясынын жыйналышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору 205965 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу
I. Сары-Күңгөй айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Таш-Коро участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
II. Ак-Колот айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Ак-Колот участогунан 0,05га жер аянтты бөлүнүп берилсин.
III. Сары-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Ак-Колот участогунан 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
IV. Тогуз-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Шоро участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
V. Конокбай-Талаа айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Кол-Аягу участогунан 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
VI. Тегерек-Саз айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Тоо-Койчу участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
VII. Кара-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Чаар-Арча участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
VIII. Кызыл-Булак айылында мусор таштандыларды таштоочу жай Кыя-Жол участогунан 0,05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Кенжебаев |