Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V-шайланган ) №15-сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 15/7
Ош облусунда 2016-жыл Тарыхий, Маданий мурастарды колдоо жана туризимди өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн Ажике жайлоосундагы Кызыл-Жар участогуна Туристик эс алуу борборун ачуу жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз (V-шайланган ) №15-сессиясынын жыйналышынын күн тартибиндеги жетинчи маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз №15-сессиясынын жыйналышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунда 2016-жыл Тарыхий, Маданий мурастарды колдоо жана туризимди өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн Ажике жайлоосундагы Кызыл-Жар участогуна Туристик эс алуу борбору ачылсын.
2. Ажике жайлоосундагы Кызыл-Жар участкасынан Туристик эс алуу борборуна ынгайлуу шаттарды түзүү, боз үйлөрдү тигүү жайгаштыруу, мейман күтүү, конок тосуу шарттары үчүн 3 га жайлоо аянты чегерилип берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Кенжебаев |