Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2018-жылдын 13-авгусуту № 21/2
Дөбөлү айыл аймагында 2018-жылы дан катары себилген 225 га арпанын 97га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы жөнүндө
2018-жылы аба ырайы жаанчыл болуп жана жазында кечирээк айдаган айрым дыйкандар эгиндери бышпай калышынан кооптонушуп, малдарына тоют катары чабышкандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
3. Дөболү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 13-август 2018-жылы түзүлгөн актысынын негизинде Дөбөлү айыл аймагында 2018-жылы жазгы айдап себүүдө 225 га арпа дан эгин катары себилген, мунун 97 га жер аянтын быйыл 2018-жылы аба ырайы муздак жана жаанчыл болгондуктан дан-эгиндеринин жетилүүсү начар жана кечирээк болгон аянттары малга тоют катары чабылгандыгы боюнча Нарын райондук мамлекеттик статистикалык башкармалыгына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын 2018-жылдын 13-августундагы 21/3Токтомуна тиркеме |
А. Аракеев - Дөбөлү айыл депутаттар Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
Б. Токталиев - Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөр:
Назаралиев Сыдыгалы - Дөбөлү айылынын аксакалы;
Истеков Акматбек - Дөбөлү айылынын аксакалы;
Ибраев Асангары - Дөбөлү айылынын аксакалы;
Назаралиева Чынара - Дөбөлү айыл өкмөтүнүн соц. адиси;
Касымова Жайна - Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту каичысы;
Кененбаев Канат - Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар-статист адиси;
Муталип уулу Бакыт - Дөбөлү айыл депутаттар Кеңешинин депутаты
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясынын 2018-жылдын 13-августундагы 21/3Токтомуна тиркеме |
№ п/п | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Ким көзөмөлдөйт |
1 | Дөбөлү айылынын көчөлөрүн оңдоо иштеринин көлөмүн аныктап чыгуу | Август | Комиссиянын мүчөлөрү | Комиссиянын курамы |
2 | Оңдоо иштерин аткаруу боюнча комиссия түзүү | Сентябрь | Айыл өкмөт | Комиссиянын курамы |
"3 0 | Нарын райондук мамлекеттик администрациясына, Нарын райондук архитектурасына, №8-жолдорду тейлөө ишканасына, Нарын райондук милициясына жана Тянь-Шань элетр тармактар башкармасына жана Нарын аймактык мамлекеттик мүлктү каттоо башкармасына Дөбөлү айылынын көчөлөрүн кызыл сызыгын аныктоо (красный линия) боюнча кайрылуу | Сентябрь | Айыл өкмөт | Комиссиянын курамы |
4 | Жолго төгүлчү шагыл алуучу жерди аныктоо | Сентябрь | Айыл өкмөт | Комиссиянын курамы |
5 | Дөбөлү айылынын көчөлөрүн кызыл сызыгын аныктоо (красный линия) боюнча көчөлөрдү кыдыруу | Сентябрь | Айыл өкмөт, комиссиянын мүчөлөрү жана тийиштүү мекемелер | Комиссиянын курамы |
6 | Оңдоо иштерине керектүү курулуш материалды алуу | Сентябрь | Айыл өкмөт, комиссиянын мүчөлөрү | Комиссиянын курамы |
7 | Оңдоо иштерин аткаруу | Сентябрь-октябрь | Айыл өкмөт, комиссиянын мүчөлөрү жана тийиштүү мекемелер | Комиссиянын курамы |
8 | Оңдоо иштеринин аткаргындыгын аныктап өткөрүп алуу | Ноябрь | Айыл өкмөт, комиссиянын мүчөлөрү жана тийиштүү мекемелер | Комиссиянын курамы |
Төрага | Уланбек уулу Ж |