Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2018-жылдын 13-авгусуту № 21/3
«2018-жыл Регионду өнүктүрүү жылына» карата Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын жолдоруна шагыл төгүп, суу түтүктөрүн орнотуу боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарылыгы «2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылы» негизинде Дөбөлү айылында марафон өткөрүлүп, айылдын көчөлөрүн оңдоо иштерин аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылынын жолдорун оңдоо иштерин жургүзүү, аткарган жумуштарын көзөмөл жүргүзүү боюнча айыл аксакалдары, жаштары, коомдук уюмдары жана айыл өкмөттүн адистери менен турган комиссиясы түзүлсүн.(№1- тиркеме)
2. Дөбөлү айылынын жолдорун оңдоо иштерин жургүзүү, аткарган жумуштарын көзөмөлгө алуу боюнча комиссиянын иш планы түзулсүн. (№2-тиркемелери тиркелет)
3. Дөбөлү айылынын жолдорун оңдоо иштерин жургүзүүдө жана корутарды жылдырып алуу, түздөө боюнча комиссиясы Нарын аймактык мамлекеттик мүлктү каттоо башкармасы, Нарын райондук архитектура, №8-жолдорду тейлөө ишканасы, Нарын райондук милициясы жана Тянь-Шань элетр тармактар башкармасы менен бирдикете иш алып барышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |