Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI-чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2018-жылдын 13-авгусуту № 21/4
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы «Алыш» жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы ишкерлерди жана жамааттарды колдоо боюнча «Алыш» жамаатынын уставын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын 2018-жыл регионду өнүктүрүү жылына карата Алыш айылындагы ишкерлерди жана жамааттарды колдоо боюнча «Алыш» жамаатынын уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомду веб сайтка жарыялоо жана Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоого киргизүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 2018-жылдын 13-августтагы 21- сессиясынын 21/4 Токтому тиркеме |
1.Жамааттын толук аталышы:
мамлекеттик тилде - « АЛЫШ » жамааты;
расмий тилде - Жамаат (община) « АЛЫШ ».
2.« АЛЫШ » жамаатынын (мындан ары Жамаат) дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Алыш айылы, индекс:722902, И.Эсенаманов көчөсү №52.
1.Жамааттын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле жамааттын уставдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жамаат - коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
3.Жамаат өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде аны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттаган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат.
4.Жамаат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, жамааттын уставына ылайык ага таандык болгон финансы каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
5.Жамаат мүлктү сатып алууга, жамааттын менчигинде болгон мүлктү ижарага берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрүүгө, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, жамааттын иштери менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Жамааттын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
Жамааттар:
-мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн таламдарын билдиришет;
-Жамааттардын иштерине тиешелүү маселелер талкууланганда жергиликтүү кеңештердин иштерине кеңеш берүү укугу менен катышат;
-жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруучу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жамааттардын иштеринин маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;
-айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештердин аймактарды пландаштыруу, абат кылуу, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык объектилерди куруу маселелери боюнча ишине катышат.
- жамааттардын уставынын максаттарына жана милдеттерине ылайык дагы башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
-жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгат;
-мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органында тийиштүү аймактын коомдук кызыкчылыктарынын ѳкүлү катары чыгат;
-тийиштүү аймактын ѳнүгүү программасын жана планын иштеп чыгуу жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына сунуштоо;
-жергиликтγγ аймактын социалдык инфраструктурасын ѳнγктγрүү γчγн инвестицияларды тартуу;
-мыйзам чегинде жер маселерин чечγγгѳ айыл ѳкмѳтγнѳ жана жарандарга кѳмѳк кѳрсѳтγγ;
-аз камсыз болгон γй-бγлөлѳргѳ,майыптарга, жалгыз бой жарандарга, кароосуз калган балдарга кам кѳрγγ боюнча тиешелγγ иш чараларды жγргγзγγ;
-жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары жана мамлкеттик бийлик органдары, сотто жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде жактоо жана коргоо;
-ошол аймактын социалдык-экономикалык маселелерин талкулоодо жергиликтγγ кеңештердин ишине катышуу;
-социалдык чѳйрѳдѳгγ обьектилерди кабыл алууга аймакты кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу, оңдоо,санитардык жактан тазалоо ишине катышуу;
-саламаттыкты сактоо, билим берγγ, дене-тарбия, экологияга байланыштуу иш-чараларды алып барат, соцалдык жана башка объектилерди курууга, сактоого жардам берγγ;
-жергиликтγγ кеңештердин, алардын аткаруучу тескѳѳчγ органдарынын жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясынын чечимдеринин аткарылышын кѳмѳк кѳрсѳтγγ;
-чогулуштардын жана жарандардын жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
-аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген маселелер боюнча тийиштγγ жергиликтγγ кеңештерге, алардын аткаруучу-тескѳѳчγ органдарына, жергиликтγγ мамлекеттик админстрацияга, ошондой эле мамлекеттик органдарга, ишканаларга,уюмдарга,мекемелерге сунуш даярдашат жана ѳтγнγч кат менен кайрылышат;
-ипотекалык жана башка кредиттерди алууга Жамаат мγчѳлѳрγнѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт;
-ишкерчиликти, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө катышуу;
-айлана-чѳйрѳнγ коргоо, экологиялык тазалыкты сактоого жана инвестицияларды тартууга кѳмѳк кѳрсѳтѳт жана ишке ашырат;
-тиешелүү жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
-өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;
-Жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес жайларды ижарага берүүгө;
-Жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү, эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
-Жамаат ѳзγнчѳ балансыга жана мγлккѳ ээлик кылат жана милдеттери боюнча ушул мγлк менен жооп берет, ѳзγнγн атынан мγлктγк жана мγлксγз жеке укуктар жана милдеттерди кабыл алат, сотто доогер жана жоопкер катары катышат;
-эмблемага, символикага, мөөргө, штамптарга, фирмалык бланкка, интернет – сайттарга, товардык белгилерге, бренддерге ээлик кылат;
-банктын мекемелерде эсептик, валюталык жана башка эсепти ача алат.
-Жамаат мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар Жамааттын милдеттери боюнча жооп бербейт.
- Жамаат ѳзγнγн милдеттери боюнча ѳзγ жооп берет. Жамааттын мγчѳлѳрγ милдеттери боюнча жалпы солидардык жооп беришет.
-Жамаат жергиликтъъ жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жγзѳгө ашырат.
2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
3.Жамааттын башкаруу органдары:
-Мγчѳлѳрдγн жалпы чогулушу;
-Жамааттын төрайымы (тѳрагасы);
-Ревизиондук комиссиясы;
-Айыл чарба азыктарын, жаратылыш байлыктарын чогултуу, өндүрүү жана кайра иштетγγ;
-Жамааттын ѳз каражатын тγзγγ. Жергиликтγγ маселелерин ѳз алдынча чечγγ;
-Жамааттын өнүгүшү үчүн өндүрүштүк, чарбалык, ишкерчилик, соода-сатык, кызмат көрсөтүү иштери менен алектенүү. Аймакта туризмди өнүктүрүү жана туристтик агенттик, маршруттарды ачуу;
-Жаратылышты коргоо: токой, жер жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
-Жумуш орундарын түзүү, айыл тургундарына, өз мүчөлөрүнө кеп-кеңеш берүү, кесипке, кайра даярдоого окутуу. Тренинг, семинарларды уюуштуруу.
-Ар тармактар боюнча изилдөө жүргүзүү, көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду жазып, ишке ашыруу.
1. Жамааттын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, жамаат менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам жамааттын мүчөсү болот.
2. Жамааттын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат.
3. Жамааттын мүчөлөрү жамааттык менчикти бирдей пайдалана алышат.
4. Жамааттын мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.
5. Жамааттын мүчөсүн андан чыгаруу ага алдынала 30 күн мурда кабарлангандан жана жамааттын жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берилгенден кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жамааттын мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.Мγчѳлγккѳ кабыл алуу жеке арыздын негизинде жγргγзγлѳт.
7. Жамаат мγчөлөрγ тѳмѳнкү укуктарга ээ.
-Жамааттын башкаруу органына шайланууга жана шайлоого катышууга;
-Жамаат тарабынан жγргγзγлгѳн программалык иштерге катышууга. Жамааттын иши жѳнγндѳ керектъъ маалымат алууга, сунуш киргизүүгө;
-Жамааттан каалаган мезгилде чыгып кетүүгө,ѳз пикирин жана идеяларын сунуш кылууга.
8.Жамаат мүчөлөрγ милдеттүү:
-Жамаат уставын аткарууга, кирүү взносун жана мүчѳлүк акыларын ѳз убагында төлөөгөө;
-Жамаат кызыкчылыгын коргоого. Жамаат тапшырган иштерди ѳз убагында аткарууга;
9. Мүчөлүктөн чыгаруу:
-ушул уставдын талабын одоно бузган мезгилде;
-Жамааттын кызыкчылыктарына моралдык жана материалдык зыян келтиргенде;
-Жамааттын мγчѳлγк взносторун кѳрсѳтγлгѳн мѳѳнѳттѳрдѳ тѳлѳѳдѳн баш тартканда;
10.Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат дагы, төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилет: Жамаатка кирүү акысы 100 (жъз) сом, мүчөлүккө кабыл алып жатканда төгүлөт жана мүчөлүк акы айына 25 (жыйырма беш) сомдон кем эмес деп белгиленет, ар айдын акыркы числосуна чейин төгүлөт, шарты болбогондорго жыл ичинде толук төгүү жана натуралай, кызмат көрсөтүү аркалуу кутулуу мүмкүнчүлүгү берилет. Чогултуп, эсебин алуу жагын Жамааттын эсепчиси жүргүзөт.
1. Жамааттын жогорку органы анын жалпы чогулушу болуп саналат. Жалпы чогулушту өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жаматтын уставында аныкталат дагы, төмөндөгүлөрдү камтыйт:
Жамааттын жалпы чогулушу бир жылда бир жолудан кем эмес, ал эми кезексиз жалпы чогулуштун отуруму талапка ылайык чакырылат.
Жамаат чечимди отурум ѳткѳрγγ же болбосо жазуу тγрγндѳ суроо жγргγзγγ менен кабыл алат. Кезексиз жалпы чогулуш тѳмѳнкγ учурларда чакырылат:
- төраганын демилгеси боюнча;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнγн 20 % демилгеси боюнча;
-ревизиондук комиссиянын демилгеси боюнча;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушу тѳраганын компетенциясына кирбеген, бирикменин бардык иши боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
2.Жалпы чогулушта чечим чогулушка жамааттын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышканда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
3. Уставда көрсөтүлбөй калган иштер боюнча жалпы чогулуштун же Жааматтын төрагасынын чечими менен атайын жоболор иштелип чыгылат.
Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- жамааттын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- жамааттын иштеринин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайдалануу тартибин аныктоо;
-жамааттын мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- жамааттын төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;
- жамааттын иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- жамааттын башка юридикалык жактардын иштерине катышуу маселелери;
- жамаатты өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- зайым, ссуда жана насыя,кредит алуу;
- жамааттын уставында каралган дагы башка маселелер.
1. Жамааттын төрагасы анын биринчи жалпы чогулушунда жамааттын мүчөлөрүнүн арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча ачык же жабык добуш берүү менен шайланат.
2. Жамааттын төрагасы жамааттын документтерин жолжоболоштурат, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
3. Жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жамааттын уставында аныкталат дагы, төмөндөгүлөрдү камтыйт:
-Жамааттын тѳрагасы Жамааттын жалпы чогулушунун ортосунда Жамааттын ишин башкарат. Тѳрага) Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушунда Жамааттын мγчѳлѳрγнγн ичинен 5 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат.
-Тѳрага ушул Уставдын талабына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген иш аракеттеди жасаган учурда жана Жамааттын кызыкчылыктарына моралдык жана материалдык зыян келтиргенде жалпы чогулуштун чечими менен мѳѳнѳтγнѳн мурда кызматынан бошотулушу мγмкγн.
Жамааттын тѳрагасы жалпы чогулушка баш ийет жана тѳмѳнкγ иштерди аткарат:
-жалпы чогулушту ѳткѳрѳт жана жыйында каралуучу маселелерди аныктайт;
-башка юридикалык жактар, жарандар жана ишканалар, уюмдар менен карым катнаш тγзγγдѳ Жамааттын кызыкчылыктарын алып барат;
-Жамааттын финансылык жана чарбалык ишин башкарат;
-бекитилген укуктарына ылайык акчалай жана мγлктγк каражаттарды жумшайт жана банк мекемелеринде эсеп счетторун ачат;
-Жамааттын штаттык кызматкерлерин ишке алуу жана бошотуу жѳнγндѳ буйрук чыгарат;
-Жамааттын кызматкерлерин жана мγчѳлѳрγн сыйлоо боюнча чечим кабыл алат;
-Жамааттын укуктарын жана кызыкчылыктарын сот жана мамлекеттик органдардын алдында жактайт жана коргоого алат;
-Өз ишин ачык, айкындуулукта жүргүзөт.
- Ревизиондук комиссиясы - Жамааттын финансылык жана чарбачылык ишине кѳзѳмѳл жγргγзγγчγ орган болуп эсептелинет. Ревизиондук комиссиясы жылдык отчет жана баланс боюнча корутунду тγзѳт жана жалпы чогулуштун кароосуна коет;
-ревизиондук комисиясы Жамааттын жалпы чогулушунда 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бирикменин мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Текшерγγ комиссиясы ѳз ишин коомдук милдет катары акысыз тγрдѳ аткарат.
-Жамааттын финансалык, чарбалык абалын атайын аудит, текшерүү уюмдары аркылуу өткөргөнгө мүмкүн.
1. Жамааттын финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, жамааттын менчигин пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу салымдары, гранттар, ошондой эле зайым, ссуда, насыя, кредит жана дагы башка финансы ресурстары түзөт.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жамааттардын финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3.Жамааттын кол алдындагы имараттар, курулуштар, арендага алган жерлер, өздүк акча каражаттар жамааттын мγлкγн тγзѳт;
4.Жамаат ѳз ишин, тапкан киреше, мγчѳлγк взностор жана башка тγшкѳн акча жана мγлк каражаттарынын эсебинен жγзѳгѳ ашырылат;
5.Материалдык эмес, интеллектуалдык баалуулуктар, ойлоп чыгуулар, товардык, бренддик белгилер.
Жамааттын акча жана мγлк каражаты тѳмѳнкγлѳрдγн эсебинен тγзγлѳт:
-Жаматтын мγчѳлѳрγнγн мγчѳлγк жана кирγγ акыларынан;
-жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын негизинде ѳткѳрγп берген мγлк каражаттарынан;
-Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандардын жана юридикалык жактардын акысыз жана кайрымдуулук салымдарынан, гранттардан;
-Жамааттын ѳндγрγштγк, чарбачылык жана башка ишкердиктин тγрлѳрγнѳн тγшкѳн кирешеден;
-уставда каралган лекция, көрсѳтмѳ, лоторея, спорттук оюндар жана башка иш-чаралардан тγшкѳн кирешеден;
-банк жана башка финансылык мекемелеринен (анын ичинде чет элдик уюмдардан) алынган насыя,кредиттик,ссудалык жана заемдик каражаттардын эсебинен;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана башка кирешелерден;
7.3. Жамааттын каражатары тѳмѳнкγ максаттарга жумшалат:
-устадык максаттарын ишке ашырууга;
-кызматкерлеринин эмгек акысына;
-кайрымдулук максаттарга;
-Жамааттын өнүгүшүнө;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнѳ материадык жардам кѳрсѳтγγ γчγн;
-Жамааттын ишин алып баруу γчγн керектелγγчγ мγлк сатып алуу жана ижара акысына;
-аймактын социалдык ѳнγгγшγнѳ;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставка каршы келбеген башка иштерге;
7.4. Жамааттын менчик укугунун объектиси болуп, акча каражаттары, акциялар, баалуу кагаздар, имараттар, турак жайлар, транспорт каражаттары, ошондой эле уставда каралган иш аракеттерин аткарууга керектелγγчγ башка мγлк болот;
7.5. Ѳндγрγштγк, чарбачылык статусу бар ишканаларды Кыргыз Републикасынын мыйзамдарына ылайык тγзγγгѳ укуктуу. Өндγрγштγк, чарбачылык жана башка коммерциялык иш-аракетинен тапкан киреше Жамааттын максаттарын ишке ашыру γчγн жумшалат;
Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жалпы чогулуштун чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
-Жамаат ѳз ишин жалпы чогулуштун чечиминин негизинде же болбосо соттун чечиминин негизинде мыйзамга ылайык тартипте токтотот.
-Жамаат ѳз ишин токтотуу Жамаатты реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-98 ст. каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
-Мамлекеттик органдар жана кредиторлор менен толук эсептешγγ жγргγзγлгѳндѳн кийин калган мγлк Жамааттын уставдык максаттары γчγн жумшалат;
-Жамаатты реоорганизациялоо жана жоюуудан калган бирикменин документтери Кыргыз Республиксынын «Улуттук архив фондусу жѳнγндѳгγ» мыйзамга ылайык сакталат.
Төрагасы | Турсунбаев К.М. |