Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
2018-жылдын 07-сентябры № 22/1
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялооАгентствосу АРИС тарабынан Айылды инвестициялоо- 3 долбооруна сунуштала турчу долбоорлорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялооАгентствосу АРИС тарабынан Айылды инвестициялоо- долбооруна конкурстук комиссиянын сунушунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынан келип чыккан көйгөйлөрдүн арасынан эң көйгөйлүү болуп тандалган ири долбоорго төмөндөгү көйгөй болуп бекитилсин:
- Дөбөлү айылына 100 орунду бала бакча куруу;
Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынан келип чыккан көйгөйлөрдүн арасынан эң көйгөйлүү болуп тандалган кичи долбоорго төмөндөгү көйгөй болуп бекитилсин
- Алыш айылына жана Кенеш айылына коомдук мончо салуу.
Тиешелүү документтерди даярдап, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы У. Алсейитовго жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы атайын түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |