Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 1
Стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги коюлган маселени угуп жана талкуулап чыгып, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын ХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Кыргыз Республикасынын 2013-1017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы жөнүндө Жарлыгы ишке ашыруу максатында Ноокен айыл Өкмөтүнүн курамы тарабынан иштелип чыккан “Ноокен айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасы” иш чаралары бекитилсин.
2. Бул программаны ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү ар жылга карата бекитилип жаткан долбоорунда эске алынсын жана мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каражат тартуу жагы каралсын.Бул максатта ички жана тышкы инвесторлорду тартуу боюнча жумуштарды аткаруу айыл өкмөттүн башчысы А.Курманкуловко милдеттендирисин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокен айылдык кеңешинин алдындагы бюджет жана экономиканы өнүктүрүү, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | М.Төрөгелдиев |