Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 08-июлу № 5
“Жер адис Алимбеков Саипжандын топурактын анализин чыгаруу боюнча билдирүүсү жөнүндө”
Айылдык кеңештин төрагасы М.Төрөгелдиев чыгып ОСОО “Эр Жанар” менен келишимдин негизинде топурактын аналазин чыгаруу үчүн 2014-жылы төгүлгөн 54 га жерге 60000 сом кайтарылсын жана 2016-жылга 23,50 га жердин топурагын анализин чыгаруу 25000 сом акча каралсын деген билдирүүсүн колдоп койсок.
Бул маселени угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Ноокен айылдык кеңешинин ХХVI- чакырылышынын ХХI- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 .ОСОО “Эр Жанар” менен келишимдин негизинде топурактын анализин чыгаруу үчүн 2014-жылы төгүлгөн 54 га жерге 60000 сом кайтарылсын жана 2016-жылга 23,50 га жердин топурагынын анализин чыгарууга 25000 сом акча каражаты каралсын
2 .Токтомду бекитип берүү жагы Ноокен айыл Өкмөт башчысынан жана жергиликтүү кеңештин эл депутатарынан суралсын.
Төрага | М.Төрөгелдиев |