Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 4
Сары-Сыя айылынын тургуну Корчубаев Абытжан Тиллебаевичти Ардактуу атуулу наамына көрсөтүү жөнүндө
Сары-Сыя айылынын чогулушунун негизинде Корчубаев Абытжанды Ардактуу атуулу наамына көрсөтүү жөнүндө Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVI-Чакырылышынын ХХIV-сессиясында карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Сыя айылынын тургуну Крочубаев Абытжан Тиллебаевичти иштеген эмгегин баалап Сары-Сыя айылынын ардактуу атуулу деген наам менен сунуш берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен айыл аймагынын жооптуу катчысы А. Тажибаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Эл депутаттарынын Ноокен айылдык Кеңешинин Этика жана Мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Корчубаев Абытжанга жүктөлсүн.
Төрага | М.Төрөгелдиев |