Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-декабры № 118/44-6
"Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 05.11.2016-ж. №06-4/2584; 08.11.2016-ж. №06-4/2585; 15.11.2016-ж. №06-1/2643; 15.11.2016-ж. №06-1/2655 17.11.2016-ж.№06-6/2664; 22.11.2016-ж. чыг.№05-10/2780 сандуу каттарындагы Ажыматов көчөсүнүн №249 үйүнүн тургуну, Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын мугалими А.Каракозуевага 200,0миң сом бюджеттик ссуда, Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүнүн №153 үйү күйүп кеткендигине байланыштуу ушул үйдүн тургуну К.Р.Шаматовго 50,0миң сом материалдык жардамга, ШММБнын жумушчусу А.Абдывалиевага материалдык жардамга 50,0миң сом, жалпы дарыгерлерди практикалоо борборунун жаш дарыгерлерин колдоо максатында 3 дарыгерге азыркы убакта жашап жаткан батирлеринин ижара акысын төлөөгө 54,0миң сом, Кыргыз Республикасынын змгек синирген гидрокуруучулары М.Сабиров, 3.Серый, К.Б.Хуриевдин элестерине арналган бокс боюнча жаштар арасында бокс өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 70,0миң сом, Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгынын инвентаризациялык материалдарынын "Кыргыз мамжердолборлоо" институту тарабынан иштелип чыккан айыл чарба багытындагы жерлердин , жайыт жерлердин документтеринин көчүрмөлөрүн алуу үчүн 14032сом акча каражаттарын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги XXXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ажыматов көчөсүнүн №249 үйүнүн тургуну, Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын мугалими А.Каракозуевага 200,0миң сом бюджеттик ссуда 3 жылдык мөөнөт менен Социалдык коргоо башкармалыгына "Ооруларга жардам берүүгө" беренесине бекитилген 565,0миң сомдун 445,0миң сомдук калдык каражаттын эсебинен шаардык билим берүү бөлүмүнө жылдыруу жолу менен каржылансын.
2. Кара-Кол шаарынын Канат көчөсүнүн №153 үйү күйүп кеткендигине байланыштуу ушул үйдүн тургуну К.Р.Шаматовго 50,0миң сом материалдык жардам ШММБна ПСД жасатууга бекитилген 1 133,1 миң сом каражаттан калдык 139,6миң сомдун эсебинен ШСӨБнын тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылансын.
3. ШММБнын жумушчусу А.Абдывалиевага 50,0миң сом материалдык жардам билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар чыгармачылык үйүнө 2016-жылга "Унаа чыгымдары" беренесине коюлган 481,2мин сом акча каражатынын эсебинен ШСӨБнын тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылансын.
4. Жалпы дарыгерлерди практикалоо борборунун жаш дарыгерлерди колдоо максатында ижара акыга 54,0миң сом акча каражатын каржы бөлүмүнүн сунушунун негизинде ШММБна ПСД жасатууга бекитилген 1 133,1миң сом каражаттан калдык 246,1сомдун эсебинен ШММБнын тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген гидрокуруучулары М.Сабиров, З.Серый, К.Б.Хуриевдин элестерине арналган бокс боюнча жаштар арасында бокс өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 70,0миң сом акча каражатын ШММБна ПСД жасатууга бекитилген 1 133,1миң сом каражаттан калдык 316,1 мин сомдун эсебинен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
6. Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгынын инвентаризациялык материалдарынын "Кыргыз мамжердолборлоо" институту тарабынан иштелип чыккан айыл чарба багытындагы жерлердин , жайыт жерлердин документтеринин көчүрмөлөрүн алуу үчүн билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар чыгармачылык үйүнө 2016-жылга "Унаа чыгымдары" беренесине коюлган 481,2мин сом акча каражатынын ичинен 14032сомду шаардык мэрияга жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
7. Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) жогорудагы иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча шаардык мэрия, элге билим берүү, дене-тарбия жана спорт бөлүмү, ШСӨБнын, ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кьшуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | Алымкулов Б.Э. |