Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 64
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу 2019-2020-жылдарга долбоорун бекитүү боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын торагасынын орун басары Кайыпбеков Азизбектин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө долбоорун жана Каргалык айыл окмот башчысы М.Акматбековдун депутаттардын берген суроолоруна жообун угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 32035,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 32035,1 мин сом суммасында №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
жылга 32035,1 мин сом суммасында,
жылга 33507,1 мин сом суммасында,
жылга 35145,1 мин сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 32035,1 миң сом суммасында такталган №4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1% 301,9 миң сом суммасы 16.05.2016-жылдагы №60 Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин l-бөлүмүнүн 21-беренесине ылайык резервдик фондуна жана ушул эле Мыйзамдын 23-беренесине ылайык 200,0 миң сом өлчөмүндө накталай кассалык акча жүгүртүү жагы бекитилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2018-жылга карата 22 (жыйырма эки) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 3 (уч) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 3 (уч) штаттык бирдик тузуму №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде 2018- жылдын бюджетинен акча каражаттары № 6-тиркемеге ылайык бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
8. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электро энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
9. Бюджетте каралып жаткан акча каражаттарын өз мөөнөтүндө кароо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
10. Каргалык айыл өкмөтүнөн 2018 - жылга бюджетине кошумча киреш булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнү аймагындагы иш жүргүзүп жаткан Макмалалтын кен комбинатынан жан башка ишканалардан, мындан сырткары акиташ, туз, кызыл кум, шагы алынуучу карьерлерден мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнү киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрү толугу менен такталып убагында бюджетке түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана салык башчысы Акматова Таалайга милдеттендирилсин.
11. 2018-жылда курулуш, сатып алуу келишимдерин жана кабыл алуу актыларынын сапаттуу болушу үчүн, ар дайым комиссиянын түзүлүшүн жана өткөн жылдардан калган жумуштардын аткарылышына толук көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
12. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
13. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ дин башчысы Э.Кашкариевага жүктөлсүн.
14. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы
Төрага | Р.Жунусакунов |