Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 16-февралы №5-1
1-январь 2018-жылга карата калган калдыкты иштетүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде калган калдыктар боюнча айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын сунуш катын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджет эсебинен калган 1311,7 миң сомдук жана атайын каражаттан калган 1,0 миң сомдук жалпы 1312,7 миң сомдук калдык төмөнкү зарыл чыгымдар үчүн сарпталсын:
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине долбоор аркылуу ишке ашып жаткан тракторду алуу үчүн 685,0 миң сом;
Талаа-Булак айылындагы бала бакчаны ремонттоо үчүн 400,0 миң сом;
Кызыл-Сеңир айылындагы спорт залга ажааткана куруу үчүн 200,0 миң сом;
Мундуз айылындагы ФАПтын ачылышына 14,7 миң сом;
Айыл өкмөттүн сапар чыгымдары үчүн 12,0 миң сом;
Бостон айылындагы балдар бакчасынын тамак ашы үчүн 1,0 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |